Жаңылыктар

09.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 09:38)

ЕАЭБде 2022-жылдын январь-июлунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик $916 млрд түздү

2022-жылдын январь-июлунда Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 915,9 млрд АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,9%га өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Кыргызстанда 17,8%га, Арменияда – 7%га, Казакстанда – 2,7%га, Россияда – 1%га; ал эми төмөндөшү – Беларуста байкалган – 6,2%га.

ЕАЭБде тоо-кен казып алуу өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 2,4%га, иштетүү өнөр жайында – 0,1%га, электр энергиясы менен камсыз кылууда, газ, буу берүү жана абаны кондициялоодо – 0,1%га өскөн; суу менен камсыз кылууда, канализация тутумунда, калдыктардын чогултулушун жана бөлүштүрүлүшүн контролдоодо 4,4%га төмөндөгөн.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.