Жаңылыктар

05.08.2022

2021-жылда өз ара сооданын көлөмү үч эсе көбөйүп, 73 млрд АКШ долларынан ашты

Такталган маалыматтар боюнча, 2021-жылда өз ара сооданын көлөмү Евразия экономикалык бирлиги иштеген мезгилдеги максимумга жетип, 73,1 млрд АКШ долларынан ашты, бул 2020-жылга салыштырмалуу 32,8%га, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 18,6%га көп.

Өз ара соодада экспорттун көлөмүнүн өсүшү Бирликтин бардык мамлекеттеринде катталган. Эң чоң өсүш Кыргызстанда (42,7%га) жана Казакстанда (37,8%га) байкалган.

Өз ара сооданын ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүмүндөгү үлүшү 2021-жылда 14,6% түздү. Эң чоң өсүш Казакстанда катталган: өз ара сооданын тышкы сооданын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 2.5 п.п. өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Тышкы жана өз ара сооданын статистикасы" бөлүмүндө, 2021-жылдын январь-декабры үчүн талдамалык маалыматтарда көрсөтүлгөн (такталган маалыматтар).