Жаңылыктар

28.04.2023

Армения менен Казакстандын биржаларында тооруктардын көлөмү 2023-жылдын биринчи кварталында эки эсеге өстү

2023-жылдын биринчи кварталында тооруктардын көлөмү боюнча өсүш лидерлери Армян фондулук биржасы, анда соода көлөмү эки эседен ашык өскөн (РЕПО келишимдерин кошпогондо) жана ошондой эле Astana International Exchange (AIX) болду, ал жерде да эки эсе өсүш катталган. Беларустун жана Россиянын фондулук рынокторунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тооруктардын көлөмүнүн бир аз төмөндөшү белгиленет.

ЕАЭБдин ички рыногунда сатылуучу товарларга баалардын динамикасы ЕЭКтин Статистика департаментинин басылмасында биринчи жолу АКШда сатылуучу айрым салыштырылуу товардык фьючерстерге баалар менен толукталган.

Фондулук жана товардык биржалардагы тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин барагынын "Биржалык тооруктар" бөлүмүндө берилген.