Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 5965

26 июнундагы 2025 Арзыбек Кожошев: "Бүгүнкү күндө транспорт жумушка, билимге, социалдык жашоого жеткиликтин негизги шарты болуп саналат" Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого транспорт чөйрөсүндөгү интеграциянын таасири "Чоң Евразия аймагындагы туруктуу транспорт: мобилдүүлүк, мультимодалдуулук жана санариптештирүү" сессиясынын башкы темасы болду. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү. "Транспорт жана инфраструктура калктын бардык катмары, анын ичинде алыскы райондордун жашоочулары үчүн адилеттүү баа түзүү менен жеткиликтүү болушу керек", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев. Чыгып сүйлөөлөрдүн жүрүшүндө санариптик технологияларды, инфраструктураны, эл аралык транспорттук коридорлорду, контейнердик жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү деталдуу каралды. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, транспорттогу ашыкча жүктөм маселелери талкууланды. ЕЭК министри белгилегендей, "ЕАЭБ туруктуу транспорт принциптерин ишке ашырууга карай ырааттуу жана динамикалуу жылууда. Бирликтин транзитин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого көңүл бурулган". Дискуссиялык аянтча мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Сессиянын спикерлери Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин, Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Казакстан Республикасынын Транспорт министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин аткаруу комитетинин жетекчилери, Ирандын өкүлдөрү болушту.
26 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун талааларында Мамлекеттик административдик кеңештин Төрагасы, Мьянма Бирлиги Республикасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Мьянманын кызматташуу маселелерин талкуулашты. "Меморандумга кол коюлгандан бери биздин кызматташуубуздун экономикалык күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча оң динамика байкалууда, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – ЕАЭБ мамлекеттеринин Мьянма менен товар жүгүртүүсү 2019-жылдан 2024-жылга чейин үч эседен ашык көбөйүп, 1,5 млрд доллардан ашты". ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, тараптардын бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу өз ара иштешүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Мин Аун Хлайн ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү ЕАЭБ менен Мьянманын диалогуна кошумча импульс берет деген бир пикирге келишти. Бул кызматташтыктын жаңы перспективалуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мьянмалык экспорттун негизги товарлары болуп күрүч, кофе, пальма майы, какао-буурчактары саналат. Мьянмага импортто минералдык жер семирткичтер, керектөө товарлары, машиналар жана жабдуулар, металлдар, тамак-аш майлары, цемент, дары-дармектер басымдуулук кылат.
26 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ алкагында жыл сайын бизнес-түзүмдөрдүн демилгелеринин 60%дан ашыгы кабыл алынат" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕЭКтин жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүү боюнча Консультативдик кеңешинин отурумуна катышты. "Комиссиянын иши жалпысынан биздин өлкөлөрдүн ишкерлери тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Биз ишкер коомдоштук менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзүндө. ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, ЕАЭБ алкагында олуттуу ченемдик-укуктук база түзүлгөн, экономиканын ар кандай тармактарында узак мөөнөттүү артыкчылыктар аныкталган, бул бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылат. Ошол эле учурда Комиссия Бирликтин өлкөлөрү менен бирдикте түзгөн ишкер чөйрөлөр менен өз ара аракеттенүү механизмдери, анын ичинде Консультативдик кеңеш алардын кызыкчылыктарын максималдуу эске алууга жардам берет. "Консультативдик Кеңештин түзүлүшү "бирдиктүү терезенин" алкагында ишкерлер менен баарлашуунун жаңы форматына өтүүгө өбөлгө түздү. Азыр биздин диалог бизнестин суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Ушундан улам жыл сайын Бирликтин алкагында бизнес-түзүмдөрдүн демилгелеринин 60%дан ашыгы кабыл алынат жана жөнгө салууга киргизилет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Отурумдун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн ЕАЭБдин өнөр жай саясатынын инструменттери жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана ишкерлердин укуктарын коргоону өркүндөтүү талкууланды. Консультативдик кеңештин ишмердигинин максаты- ЕЭКтин компетенцияларынын чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүүнүн багыттарын жана перспективаларын аныктоодо Комиссиянын жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин натыйжалуу диалогун камсыз кылуу.
26 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ жана АӨИЧК өлкөлөрүнүн соода-экономикалык диалогунун мааниси өсүүдө" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун талааларында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы (АӨИЧК) катчысы Кайрат Сарыбай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК жана АӨИЧКнын мындан аркы диалогу, атап айтканда, Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында иш-чаралар планын даярдоо боюнча маселелер талкууланды. "Биз өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен биргелешкен ишмердигибиздин бардык келечектүү багыттарын планга киргизебиз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Ошону менен бирге ЕЭК Коллегиясынын башчысы аймакта биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө басым жасоону сунуштады. Евразия экономикалык комиссиясы менен АӨИЧК ортосундагы кызматташтык глобалдык экономикалык процесстердин шарттарында чоң актуалдуулукка ээ болууда. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды сактоону макулдашышты. ЕЭК менен АӨИЧК Катчылыгынын ортосунда өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга 2022-жылы кол коюлган.
26 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "Экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп арттырууга жөндөмдүү" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-июнда Минскте Евразия экономикалык форумунун "Мамлекеттер аралык бирикмелердин диалогу: экономикалык потенциалдарды айкалыштыруу жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү" панелдик сессиясына катышты. "Интеграциялардын диалогу" – дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн башкы тренддеринин бири. Евразия экономикалык бирлигин соода-экономикалык мамилелердин глобалдуу тутумуна киргизүүнүн маанилүүлүгүн Бирликтин бардык беш өлкөсүнүн башчылары дайыма баса белгилешет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.  ЕЭК Коллегиясынын башчысы Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте системалуу эл аралык диалог үчүн зарыл инфраструктураны түзгөндүгүн белгиледи. Регионалдык мамлекеттер аралык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө 12 меморандум түзүлгөн. Алар менен диалог мыкты тажрыйба алмашуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын темпин арттыруу үчүн негиз болуп саналат. Комиссиянын жана Бирликтин кеңири байланыш тармагы бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Евразияда, Латын Америкасында, Африкада калыптанган. Диалог ийгиликтүү өнүгүп жаткан негизги өнөктөштөрдүн катарына – КМШ, ШКУ, АСЕАН, МЕРКОСУР, БРИКС, АӨИЧК, Анд коомдоштугу, Түштүк Америка жалпы рыногу, Африка бирлиги, Тынч океан альянсы жана башкалар кирет.   Шериктештиктин географиясын кеңейтүүнүн негизги инструменти соода келишимдери болуп саналат. Алар Вьетнам, Иран, Сербия, Кытай менен түзүлгөн, Индонезия менен макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр – акыркы баскычта. 27-июнда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алкагында БАЭ жана Монголия менен дагы эки соода келишимине кол коюу пландалууда. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБ башка уюмдардын интеграциялык курулушунун позитивдүү тажрыйбасын кабыл алууга гана кызыкдар эмес. Калыптанган бирикме катары биз өнөктөштөргө өзүбүздүн мыкты тажрыйбаларды сунуштоого даярбыз. Биздин экономикалык потенциалдардын айкалышуусу өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасын эселеп күчөтүүгө жөндөмдүү", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
26 июнундагы 2025 Гоар Барсегян: "ЕЭК роботторду өндүрүү боюнча конкреттүү долбоорлорду колдоого даяр" Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө технологиялык жана бизнес-процесстерди автоматташтырууга багытталган өнөр жай роботторун жана роботтук-техникалык тутумдарды киргизүү жөнүндө 26-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын катышуусунда ЕЭФ-2025 "Роботтоштурулган тутумдарды колдонуу өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнүн фактору катары" тегерек столунда сөз болду. "Учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү экономиканын ар кайсы тармактарына өнөр жай жана сервистик роботторду, роботтук-техника тутумдарын киргизүү боюнча улуттук стратегияларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда. Өнөр жайда жана АӨКтө технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана роботтоштуруу маселелери өзгөчө курч турат, мында олуттуу кесипкөй кадрдык ресурстар талап кылынат", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери 10 000 жумушчуга 100 ашык өнөр жай роботторунун, ал тургай 1000 өнөр жай роботторунун тыгыздыгына ээ экендиги белгилүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн демилгеси боюнча Бирликте "Роботтук техника" Евразиялык технологиялык платформасы түзүлүп, "Өнөр жайлык роботтук техника" мамлекеттер аралык программасы иштелип чыгууда. Жакынкы беш жылдын ичинде натыйжалуу өнөр жай роботторун жана роботтук техника тутумдарын массалык түрдө ишке ашырууга өтүү милдети турат. Бул үчүн евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн тармактык ассоциацияларынын, илимий мекемелеринин жана өнөр жай ишканаларынын так өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу, роботтук техникада конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өтүү максатка ылайыктуу. "Теманын актуалдуулугун эске алуу менен Комиссия иштеп жаткан каржылык механизмдин алкагында өнөр жай жана сервистик роботторду сериялык өндүрүү боюнча, өнөр жай ишканаларын модернизациялоого ылайык конкреттүү долбоорлорду колдоого даяр. Биз керектүү кооперациялык долбоорлорду издөө боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.
26 июнундагы 2025 ЕЭФ-2025те Евразия экономикалык бирлигиндеги эмгек миграциясынын келечеги талкууланды ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунун иштешин, учурдагы кыйынчылыктарды жана өнүгүүнүн стратегиялык багыттарын Минскте өткөн Евразия экономикалык форуму – 2025 талаасында өткөн "Бирдиктүү эмгек рыногу: чакырыктар жана перспективалар" тематикалык сессиясынын катышуучулары талкуулашты. Сессиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов болду.  Дискуссияны ачып жатып, ЕЭК министри мындай деп белгиледи: "ЕАЭБ үчүн бирдиктүү эмгек рыногу – евразиялык интеграция процесстеринин натыйжалуулугунун өзгөчө индикатору, анткени анын иштөө сапаты көп жагынан жарандар интеграциянын реалдуу артыкчылыктарын канчалык сезээрин жана аларга ишенерин аныктайт". Бахыт Султановдун айтуусу боюнча, Бирлик иштеген 10 жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эмгек ишмердүүлүгүнө бирдей жеткиликтүүлүк, жумушка орношууда билими тууралуу документтерди түздөн-түз таануу камсыз кылынган, эмгекчи мигранттарды социалдык жана пенсиялык камсыздоо маселелери чечилген.  "Бул чаралар мобилдүүлүктүн олуттуу өсүшүнө алып келди: эмгек мигранттарынын жылдык агымы 2016- жылы 770 миңден 2024-жылы 1 миллионго чейин өстү", – деп билдирди Бахыт Султанов. Сессиянын алкагында бирдиктүү эмгек рыногун андан ары өнүктүрүү, анын ичинде укуктук талааны жакшыртуу багыттары каралды. Комиссия туруктуу негизде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү Бирликтин эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү укуктарына ылайык келүү предметине мониторингдейт. Эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү процесстерди санариптештирүү өнүгүүнүн маанилүү багыты деп аталды. Катышуучулар санариптик чечимдерди биргелешип илгерилетүү жана киргизүү зарыл деген пикирге келишти. Санариптештирүү процесстерди оптималдаштырууга гана мүмкүндүк бербестен, ЕАЭБ жарандарын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана болуу шарттары жөнүндө толук жана ыкчам маалымат менен камсыз кылып, мыйзамсыз миграциядагы тоскоолдуктарды жана тобокелдиктерди минималдаштыра тургандыгы белгиленген. Сессияда "платформалык жумуштуулукка" өзгөчө көңүл бурулду, ал жигердүү өнүгүп жатат, бирок азырынча ЕАЭБде улуттуктан жогорку жөнгө салууга ээ эмес жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринде жумуштуулуктун мындай формасын жөнгө салуу өнүгүү процессинде турат. "Биздин мындан аркы ийгилигибиз өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу, иштиктүү чараларды сунуштоо жана Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарынын суроо-талаптарын эске алуу жөндөмүнөн көз каранды болот. Ошол эле учурда бул ишке кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн тартуу маанилүү", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Дискуссияга мамлекеттик органдардын, бизнестин, профсоюздардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Сессияда айтылган көптөгөн демилгелер ЕЭК тарабынан бирдиктүү эмгек рыногун андан ары өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте иштелип чыгат.
26 июнундагы 2025 ЕЭФ-2025те Минскте ядролук технологиялар чөйрөсүндөгү кооперациянын келечектүү багыттары талкууланды 26-июнда Минскте IV Евразия экономикалык форумунда "2030-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын алкагында ядролук технологияларды өнүктүрүү: ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин кооперациялык өз ара иштешүүсүнүн перспективалары" тегерек столу болуп өттү. Тегерек столго Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян катышты. Иш-чара Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жана Өзбекстанда ядролук технологияларды өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратты. ЕЭК министри Комиссиянын Евразия технологиялык платформалары жана өнөр жай операциясына финансылык көмөк көрсөтүү механизми сыяктуу өнөр жай кооперациясын өбөлгөлөө боюнча инструменттерин жигердүү пайдаланууга чакырды. "Ядролук жана радиациялык машина куруу чөйрөсүндө евразиялык технологиялык платформаны түзүү тармактын негизги уюмдарынын кооперациялык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болуп кызмат кылат жана Бирликтин алкагында мамлекеттик органдардын, бизнестин жана илимдин кызыкчылыктарын топтоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Тегерек столдун катышуучулары Бирлик өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБге караштуу байкоочу – мамлекеттин – Өзбекстандын ядролук медицина, өнөр жайда ядролук технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү негизги компетенциялары жана жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Радиофармацевтикалык каражаттарды инновациялык өндүрүүдөн тартып, ядролук тармакта бир катар биргелешкен демилгелерди, анын ичинде Кыргызстанда ядролук медицина борборун түзүү боюнча россиялык-кыргыз долбоорун ишке ашырууга чейинки маселелердин кеңири чөйрөсү козголду. "Росатом" мамлекеттик корпорациясы көп максаттуу МБИР изилдөө реакторун түзүү боюнча долбоорду презентациялады, ал Бирлик мамлекеттеринин илимий кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн маанилүү. Иш-чаранын катышуучулары улуттуктан жогорку деңгээлде экономикалык жана илимий-техникалык диалогдун деңгээлин жогорулатууга, ядролук технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен колдонмо долбоорлорду ишке ашырууга, медицинадан тартып АЭС үчүн жабдууларга чейин инновациялык иштеп чыгуулар менен алмашууга ниеттерин билдиришти.
Дагы көрсөтүү