Жаңылыктар

04.03.2025

Парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техрегламентке өзгөртүүлөрдү ишке киргизүүнүн тартиби аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү 4-мартта Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин белгилешти, алар ушул жылдын 24-декабрында күчүнө кирет.

Мындай продукциянын техрегламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин кабыл алынган декларациялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Бул өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген мамлекеттик каттоо күбөлүктөрү беш жыл аралыгында жарактуу болот.

Көрсөтүлгөн документтер колдонулган мезгилде, анын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде, парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.