Техникалык регламенттин талаптарына парфюмерия менен косметиканын шайкештигин баалоо жөнүндө, өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген же кабыл алынган документтердин аракетинин мөөнөттөрү аныкталды. Ушул мезгилде кабыл алынган парфюмериялык-косметикалык продукциянын техрегламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр – үч жыл аралыгында жарактуу болот.
Бул ишкерлер жаңы мыйзамдык талаптарга байланыштуу өндүрүштү дароо өзгөртүүгө мажбур болушпайт дегенди билдирет. Өткөөл мезгил аларга парфюмериялык-косметикалык товарлардын мурунку түрлөрүн дагы белгилүү бир убакытка чейин даярдоого жана сатууга берет. ЕАЭБ рыногунда жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде алардын жүгүртүлүшүнө жол берилет.
Кабыл алынган чечимге ылайык техрегламентке өзгөртүүлөр 2023-жылдын 18-апрелинде күчүнө кирет.