Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Ветеринардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууда лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларды бул жааттагы референттик лабораторияларга (борборлорго) карата бирдиктүү талаптар менен толуктоо чечимин кабыл алды.
Талаптар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө лабораториялардын функционалдык жөндөмдүүлүктөрүн баалоого, алардын ичинен референттик функцияларды ыйгаруу үчүн борборлорду тандоого карата бир түрдүү ыкмаларды колдонууга мүмкүндүк берет. Бул жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын аныктыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өз ара жана эл аралык соодада негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү тобокелдиктерин минималдаштырат.
Мындан тышкары, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө документтин түшүнүк аппаратын актуалдаштыруу жана үлгүлөрдү (сынамыктарды) тандап алуу актыларынын формаларын шайкеш келтирүү каралат.
Эрежелердин жаңы редакциясы расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.