Жаңылыктар

20.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 14:53)

ЕАЭБде 2022-жылдын I кварталында жүргүнчүлөрдү ташуулар 9,4%га өстү

Евразия экономикалык бирлигинде 2022-жылдын январь-мартында транспорттун бардык түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү ташуулар 2021-жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 9,4%га өскөн. Алардын көлөмү Арменияда эң көп өскөн – дээрлик 40%га.Ошондой эле, 2022-жылдын I кварталында ЕАЭБде жүк ташуулардын саны 1,6%га өскөн. Эң көп өсүш Кыргызстанда катталды – 32,3%га.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "ЕАЭБдин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.