Жаңылыктар

02.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 11:04)

Бажы транзитинин жол-жобосуна коюлган товарларды ташуу электрондук түрдө көзөмөлдөнөт

Евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы бажылык жөнгө салууну жакшыртууну улантууда.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чөйрөсүндөгү жалпы процесстер боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча ЕЭК Эксперттик тобу бажы транзитинин жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды ташууну көзөмөлдөө боюнча бажы органдарынын ортосунда маалыматтык карым-катышты ишке ашыруу үчүн технологиялык документтердин комплексин кароого киришти.

Комиссиянын Бажы кызматташтыгы блогу Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин бажы операцияларын жүргүзүүдө кагазсыз документ жүгүртүүгө өтүүнү караган жоболорун ишке ашырууну улантууда. Анын ичинде ЕАЭБге транс чек аралык юридикалык мааниге ээ электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү тапшырмасын техникалык ишке ашыруу үчүн негиз түзүлүүдө.    

2025-жылга чейин Бирликтеги мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын аянтында мурда уюштурулган бажы органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу пландаштырылууда. Негизги жаңылык маалымат алмашууда электрондук санариптик кол тамганы колдонуу, маалыматтын курамын кеңейтүү жана өз ара аракеттенүү функционалдуулугу болот.

Бажы органдарына кагаз түрүндөгү документтерди берүүнүн зарылдыгын жоюу бажы транзитинин жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды көзөмөлдөө менен байланышкан айрым бажы операцияларын жүргүзүүнү жөнөкөйлөтөт.

ЕЭК Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев санариптик эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүдө чек арадагы бардык көзөмөлдөөчү органдардын санариптик өз ара аракеттенүү маселелери чоң мааниге ээ экенин белгилеп өттү. «Бажы транзити учурунда юридикалык мааниси бар электрондук документтерди колдонуу товарларды иштетүүнү жана ташууну, ошондой эле аларды мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу алып өтүүнү тездетет. Бул өз кезегинде бүткүл Бирликтин транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет».