2024-жылдын 1-кварталында юридикалык жактарга улуттук валютада берилген насыялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Арменияда – 5%га, Беларуста – 30%га, Казакстанда – 29%га, Кыргызстанда — 25%га жана Россияда — 22%га көбөйгөн.
Чет өлкөлүк валютада насыялоонун көлөмүнүн олуттуу өсүшү Кыргызстанда – 2,3 эсеге, төмөндөө — Арменияда – 12%га байкалган.
2024-жылдын июнь айынын башында насыялоонун наркынын төмөндөшү Арменияда – 8,25% (-0,25 п.п.), Казакстанда – 14,50% (-0,25 п.п.) жана Кыргызстанда-9,00% (-4,00 п.п.) катталган. Беларустун жана Россиянын улуттук (борбордук) банктары чендерди 9,50% жана 16,00% деңгээлинде сактап калышты.
Статистикалык маалымат кененирээк Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.