Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Чыгыш жана Түштүк Африка Жалпы рыногунун атаандаштыгы боюнча комиссиянын (КОМЕСА) Башкы аткаруучу директору Виллард Мвемба менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕЭК менен КОМЕСАнын Атаандаштык боюнча комиссиясынын өз ара иштешүү маселелери боюнча толук пикир алмашуу болду. Өз ара иштешүү 2019-жылы башталган жана 2022-жылы атаандаштык саясаты жана укук колдонуу чөйрөсүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен активдешкен.
"Евразия экономикалык комиссиясынын да, КОМЕСАнын да жалпы максаты бар – экономикалык интеграция аркылуу өз аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү, – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Биз көптөн бери атаандаштык боюнча тыгыз диалогдо турабыз, эл аралык аянтчаларда бири-бирибиздин демилгелерибизди колдойбуз".Атап айтканда, Бакытжан Сагинтаев ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндө аймактык интеграциялык уюмдардын өз ара иштешүүсү боюнча демилгеси тууралуу эске салды. КОМЕСАнын Атаандаштык боюнча комиссиясы бул демилгени колдоп, аны ишке ашырууга жигердүү катышууда.