Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун катышуусу менен "5+1" форматындагы кеңешменин жүрүшүндө ЕЭКтин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө демилгесин колдошту.
Иш-чара Ереванда КМШнын катышуучу-мамлекеттердин монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 55-отурумунун талааларында өттү.
"Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогу ЕАЭБдин мамлекеттик органдары, бизнес коомдоштугу менен тыгыз иш алып барат. Бирок кыйла натыйжалуу иш үчүн Комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана демилгелерине атаандаштык жаатында адистешкен көз карандысыз эксперттер тарабынан баа берилиши зарыл", – деп билдирди Бахыт Султанов.
Кеңештин курамына атаандаштык чөйрөсүндө көз карандысыз эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн практик юристтери кирээри пландаштырылууда.
Мындан тышкары, жолугушууда ЕЭКке үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттери тарабынан чек ара аралык рыноктордо атаандаштык эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча компетенция берүү маселелери, "Рынокту чек ара аралык рынокторго киргизүүнүн критерийлерин колдонуу жөнүндө" баяндама, чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө ар жылдык отчетту мазмундуу толтурууга карата мамилелер жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.
"«5+1» форматындагы кеңешмелер Бирликтин ар кайсы өлкөлөрүндө жылына бир нече жолу өткөрүлөт жана алар ЕАЭБдин атаандаштык саясатынын негиздери "жаралган" аянтча болуп калды. Бул жерде биз улуттук жана улуттуктан жогорку укукту жана укук колдонуу практикасын жакшыртуу маселелерин гана талкуулабастан, атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн чараларды өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктайбыз", – деди Бахыт Султанов.
Комиссиянын эл аралык тректеги атаандаштык чөйрөсүндөгү иши жөнүндө кеңешменин катышуучуларына ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян айтып берди. Ал Комиссия туруктуу негизде атаандаштык чөйрөсүндө ыйгарым укуктар берилген аймактык интеграциялык уюмдар менен жолугушууларды өткөрүп турарын белгилеп өттү. ЕЭКтин демилгеси боюнча аймактык интеграциялык бирикмелердеги атаандаштык темасы БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) ар жылдык сессиясынын күн тартибине киргизилет.
Бирлик өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесине Өзбекстан Республикасынын – ЕАЭБдеги байкоочу өлкөнүн - Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин өкүлдөрү да катышканын белгилей кетүү керек. Чыгып сүйлөөнүн жүрүшүндө алар өз жаңылыктары – атаандаштык боюнча ведомствонун ишинин негизги багыттары боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо жүргүзүлгөн санариптик платформалар боюнча маалымат бөлүшүштү.