2022-жылдын январь-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинде чарбалардын бардык категорияларында айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 154,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 5,1%га көбөйгөн.
Оң динамика негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн, биринчи кезекте дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрүн оруп-жыюунун көбөйүшүнө байланыштуу, бул түшүмдүүлүктүн өсүшү менен шартталган. Ошондой эле мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү да көбөйгөн.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясын өндүрүү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.