Жаңылыктар

08.04.2024 (Обновлено: 09.04.2024 16:22)

ЕАЭБде айыл чарба продукцияларын өндүрүү 2024-жылдын эки айында 1,2%га өстү

2024-жылдын январь-февраль айларында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориядагы чарбаларда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2%га көбөйгөн. ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өсүш байкалган (Армения боюнча маалыматтарды эске албаганда).

Союу үчүн мал жана үй канаттууларын өндүрүү 3,2%га, сүт өндүрүү 4%га, жумуртка өндүрүү 0,4%га төмөндөгөн. Мал чарбасынын негизги продукцияларын өндүрүүнүн эң чоң өсүшү Беларуста катталган. 

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясын өндүрүү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.