"Евразия экономикалык комиссиясынын негизги максаты – эң сезимтал товарларды өндүрүү чөйрөсүндөгү кооперациялык процесстерди күчөтүү", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Москвада B2G форматында өткөрүлгөн "Диагнополис" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында билдирди.
Анын айтуусу боюнча, учурда ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаменти Бирликтин медициналык жабдуулар рыногунун абалы жөнүндө 2021-жыл үчүн талдамалык материалдарды даярдап жатат. Мындан сырткары, Георгий Арзуманян ЕЭК Коллегиясынын медициналык жабдууларды жана компоненттерди өндүрүү жаатындагы сунуштамасынын долбоору иштелип чыгууда деп билдирди. Сунуштама бул тармактагы импортту алмаштырууну өнүктүрүүгө багытталмакчы. ЕЭК өкүлү ишкердик коомдоштукту өздөрүнүн позицияларын жиберүүгө чакырып өттү, алар аталган документте эске алынат.
"Мындай өз ара аракеттенүү импортту алмаштыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында улуттук өндүрүүчүлөр туш келип жаткан бөгөттөрдү, чектөөлөрдү, ошондой эле тоскоолдуктарды аныктоо үчүн керек", – деп Георгий Арзуманян баса белгиледи.
ЕЭКтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө ЕАЭБде 1500 ашуун саламаттыкты сактоо мекемелери иштейт, ал эми медициналык буюмдардын жана жабдуулардын рыногу 12 млрд ашык АКШ долларын түзөт. Аталган товарлар боюнча Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 10 млрд АКШ долларынан ашты.