Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык бирлигиндеги ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институтун (ЫЭО) өркүндөтүү боюнча чечимдеринин долбоорлору 4- июлда Санкт-Петербургда ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимировдун жетекчилиги астында болуп өткөн ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча Консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтун отурумунда талкууланды.
Товарларды ташууда ТЭИ катышуучуларынын логистикалык жана кампа коромжуларын азайтууга, тактап айтканда, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган ЫЭО товарларын өз аянттарында сактоо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жөнөкөйлөтүүгө багытталган демилге талкууланды.
Отурумдун катышуучулары ЫЭОлорго маркировкаланууга тийиш болгон акциздик товарларга карата жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга мүмкүндүк бербеген чектөөлөрдү алып салуу маселесин да талкуулашты.
Комиссия тарабынан даярдалган, бажылык башкаруунун келечектүү багыты жана операторлор үчүн андан ары жөнөкөйлөтүүнүн катализатору болуп саналган, ЫЭО товарларын эсепке алуу тутумуна карата типтүү талаптардын долбоору каралды.
Мындан тышкары, ЫЭО реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун бир нече негиздер боюнча токтотууга жана бажы органдары тарабынан товарларды эсепке алуу тутумуна карата коюлган талаптарга шайкештигин текшерүүлөргө байланыштуу укук колдонуу тажрыйбасы маселелери козголду.
ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.