Жаңылыктар

15.07.2022 (Обновлено: 19.07.2022 10:12)

Россиялык өндүрүүчүлөр сүт товарларын жарым литерге чейинки таңгакта чыгара алат

2022-жылдын 31-декабрына чейин россиялык ички рынокто суюк ылайыкташтырылган же жарым-жартылай ылайыкташтырылган баштапкы же кийинки аралашмаларды, ичүүчү каймак менен сүттү, ошондой эле жаш балдар үчүн кычкыл сүт азыктарын 0,5 литрлик герметикалык таңгакта жүгүртүүгө чыгарууга уруксат берилет.

Бирликтин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине тиешелүү өзгөртүүлөрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 15-июлда киргизди.

Буга чейин техрегламенттин талаптарына ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө мындай өнүмдөрдүн таңгагынын көлөмү суюк ылайыкташтырылган же жарым-жартылай ылайыкташтырылган баштапкы же кийинки аралашмалар үчүн 0,2 литрден, ичүүчү сүт, ичүүчү каймак жана кычкыл сүт азыктары үчүн 0,25 литрден ашпоого тийиш болгон.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко белгилегендей, чечим Россия Федерациясынын демилгеси боюнча 0,2 жана 0,25 литр көлөмдөгү таңгактын тартыштыгын жоюу үчүн кабыл алынды.

Мындай продукция ЕАЭБ рыногунда продукциянын жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгиси менен маркаланбашы керек. Ошол эле учурда, таңгакта "Россия Федерациясынын аймагында гана сатуу үчүн" деген жазуу жазылышы керек.

ЕЭК Кеңешинин чечимине ылайык, Россия Федерациясынын Өкмөтү көлөмү 0,5 литр болгон таңгактагы продукциянын Россиянын аймагында гана жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган чараларды көрүүгө жана идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик маалыматтык тутуму аркылуу аны көзөмөлдөөнү камсыздоого тийиш.