Жаңылыктар

18.08.2023

1-сентябрдан тарта Россияда такси жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирет, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочуларына да таасирин тийгизет

Евразия экономикалык комиссиясы Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жарандарынын Россия Федерациясында жеңил таксилердин айдоочулары катары эмгек ишмердүүлүгүнө жетүүсү бөлүгүндө такси жөнүндө жаңы мыйзамдын жоболору боюнча түшүндүрмөлөрдү даярдашты.

Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы талаптар Россия Федерациясындагы бардык такси айдоочуларына, алардын жарандыгына карабастан, башкача айтканда, Россиянын жарандарына карата да бирдей колдонулат.