Жаңы милдеттүү талаптар боюнча, ЕАЭБде жүгүртүүгө чыгарылган шоколад какаонун жалпы кургак калдыгынын 35% жана андан көп бөлүгүн, анын ичинде 18% жана андан көп какао майынын камтууга тийиш.
Шоколад өндүрүү үчүн сүт майынан тышкары жаныбарлардын майларын пайдаланууга жол берилбейт, бирок какао майынын эквиваленттерин жана (же) шоколаддагы суммалык массалык үлүшү 5%дан ашпоого тийиш болгон SOS-тибиндеги какао майынын жакшырткычтарды колдонууга жол берилет.
Шоколадды жана какао-өнүмдөрүн өндүрүү үчүн шоколаддын же какао азыктарынын даамын жана (же) жытын сымалдаштырган жыт бергичтерди колдонууга жол берилбейт. Сүттүү, экстра сүттүү жана ак шоколадды өндүрүү үчүн сүттүн же каймактын, сүт майынын даамын жана (же) жытын сымалдаштырган жыт бергичтерди колдонууга жол берилбейт.
Ичи толтурулган шоколад шоколаддын сырткы бөлүгүнөн бөлүнүүчү 25% же андан көп бөлүктү камтышы керек. Ошол эле учурда ичи толтурулган бар шоколадга шоколад менен капталган нан азыктары (анын ичинде майлуу), ундан жасалган кондитердик азыктар жана балмуздак кирбейт.
Техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр керектөө рыногун сапаттуу продукция менен толтурууга өбөлгө түзөт.
Документти иштеп чыгуучусу - Беларусь мамлекеттик тамак-аш өнөр жай концерни ("Белгоспищепром"). Шоколадга карата талаптар Алиментариус Кодексинин эл аралык стандарттарына шайкеш келтирилген.
Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 210 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.