Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов III Евразия экономикалык форумунда бажы органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүүнүн келечегине арналган панелдик дискуссиянын алкагында билдирди.
Кириш сөзүндө ал чоң маалыматтарды талдоого жана башка контролдоочу органдар менен маалымат алмашууга негизделген бажы кызматтарынын иши бүгүнкү күндө маалыматтык тутумсуз жана технологияларсыз мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Буга байланыштуу модератор дискуссияны бажы кызматкерлеринин ишинин практикасына жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан жана тышкы соода шарттарын кыйла ыңгайлуу жана айкын кылууга мүмкүндүк берген долбоорлорго багыттады.
ЕАЭБ бажы кызматтарынын жетекчилеринин орун басарлары өз тажрыйбалары жана максаттуу багыттары менен бөлүшүштү. Иштин келечектүү багыттарынын катарында спикерлер "бирдиктүү терезе", "товарлардын акылдуу чыгарылышы", электрондук навигациялык пломбалар, товарлардын бажылык наркын контролдоо максатында кызматтар ортосунда маалымат алмашуу сыяктуу долбоорлорду белгилешти.
Санариптик технологиялардын кеңири масштабда жайылтылышына карабастан, бажы чек арасынын чектеш тарабында бажы кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу маанилүү. Ошол эле учурда чет өлкөлүк бажы кызматтары менен тажрыйба алмашуу, атап айтканда, санариптик булут технологияларына негизделген "акылдуу бажы" деп аталган мыкты тажрыйбалар боюнча тажрыйба алмашуу уланууда.
Бизнес-коомдоштуктан спикерлер бажы кызматтарынын ишине санариптик чечимдерди андан ары киргизүүнү колдоого даяр экендигин тастыкташты, бул бажы кызматкерлери менен ТЭИнин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле бизнестин өкүлдөрү бажы органдары менен өз ара аракеттешүүнүн тутумдук маселелерин жалпы чечүүнү иштеп чыгууга мүмкүндүк берген эл аралык бирикме түзүшкөнү белгиленди.
Жыйынтыгында Руслан Давыдов белгилеп өткөндөй, Комиссия жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бажы кызматтары Бирликти ийгиликтүү өнүктүрүү жана евразиялык интеграциянын максаттарына жетүү үчүн бирдиктүү бажылык жөнгө салууну жана укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо максатында, чогуу аракеттенүүсү маанилүү.