Жаңылыктар

29.12.2023

ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2023-жылдын башынан бери 21,1%га өскөн

Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын октябрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 121,1%ды түзгөн.

2022-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча тоо кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн бааларынын олуттуу өсүшү (1,5 эсеге) белгиленген. Мында кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүүчүлөрдүн баасы 13,7%га өскөн, ишмердүүлүктүн "электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу берүү жана аба кондиционирлөө" түрү боюнча — 8,3%га, ишмердүүлүктүн "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча көзөмөл" түрү боюнча — 6,9%га көбөйгөн.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.