Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баасы 2023-жылдын октябрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 2,3%га өскөн. Ошол эле учурда өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларына баалар 3,6%га төмөндөгөн, мал чарба продукцияларына баалар 6,4%га жогорулаган.
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын төмөндөшү Арменияда (28,7%га), Беларуста (7,7%га), Казакстанда (3,9%га) жана Кыргызстанда (1,8%га) белгиленди. Ошол эле учурда Россияда баалардын өсүшү (4,9%га) катталган.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.