Евразия экономикалык бирлигинин алкагында документсиз негизде айыл чарба продукцияларын жүгүртүүнүн ишенимдүү бизнес-экотутумун түзүү, бүтүндөй өндүрүш-сатуу чынжырынын жүрүшүндө маалыматтардын чоң массивин санариптештирүүгө кошумча импульс болуп калышы мүмкүн. Бул мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жана келечекте тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындай тыянактарга III Евразия экономикалык форумунун иштиктүү программасынын алкагында өткөн "Айыл чарба продукциясын көзөмөлдөөнү камсыздоо жана сооданы өнүктүрүү контекстинде агроөнөр жай комплексин санариптештирүү" эксперттик сессиясынын катышуучулары келишти.
"Улуттук деңгээлде ЕАЭБ мамлекеттери чоң маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жана агрардык рынокту трансформациялоонун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууга багытталган айыл чарба чөйрөсүндөгү санариптик сервистерди жигердүү иштеп чыгууда. Комиссия жалпы ЕАЭБде мыкты улуттук тажрыйбаларды масштабдоо боюнча сунуштарды кароого ачык жана даяр", – деп баса белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
ФАО жана Дан боюнча эл аралык кеңештин өкүлдөрү талкууланып жаткан чөйрөдөгү глобалдык тенденциялар жөнүндө айтып беришти. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Самат Насирдинов жана Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары Светлана Алексеева улуттук мамлекеттик санариптик платформаларды өнүктүрүү темасын ачып беришти. Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинин "Маалыматтык-эсепке алуу борборунун" эксперттери Казакстанда электрондук дан тил каттарынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
"Маалыматтык ресурстар, бир жагынан, мамлекеттик органдарга айрым маалыматтарды жана маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтырууга мүмкүндүк берсе, экинчи жагынан – бизнес-түзүмдөр үчүн мамлекеттик жана контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенүүнү максималдуу жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Натыйжада рыноктун катышуучулары менен мамлекеттин бири-бирине болгон ишеними өсөт", – деп баса белгиледи жолугушууну жыйынтыктап жатып, сессиянын модератору - "Иштиктүү Россия" жалпы россиялык коомдук уюмунун вице-президенти, аткаруу комитетинин жетекчиси Нонна Каграманян.