Жаңылыктар

16.04.2025

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердинин жарандары россиялык-беларустук чек ара аркылуу өтүүсүн чектөө менен байланышкан тоскоолдуктар четтетилди

2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда визаларды өз ара таануу жөнүндө жана 2020-жылдын 19-июнундагы Бирлик мамлекетин түзүү жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын киришине байланыштуу башка маселелер боюнча макулдашуу күчүнө кирди.

Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы Евразия экономикалык комиссиясына азыркы учурда Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Беларусь Республикасынан Россия Федерациясына кирүүнү жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына эл аралык темир жол жана аба катнашынын пайдаланылуучу жолдору боюнча, ошондой эле Макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль катнашынын жолдору (алты участок) боюнча чыгууну жүзөгө ашырууга практикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги жөнүндө маалымдашты.

Буга чейин Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына Беларусь Республикасынан жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына авиациялык транспорт менен гана кире алышкан. Эки өлкөнүн географиялык жакындыгын эске алганда, бул кымбат жана дайыма эле ыңгайлуу болгон эмес. Макулдашуунун күчүнө кириши менен Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары беларустук-россиялык чек арасынан автомобиль, ошондой эле темир жол транспорту менен өтө алышат.

2025-жылдын 15-апрелинде Комиссиянын Коллегиясы көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселени караган.

"ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Комиссиянын биргелешкен ишинин аркасында Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары россиялык-беларустук чек арасы аркылуу эркин жүрүүгө мүмкүндүк алышты. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча системалуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө жана улантылат. Албетте, бул жагдай биздин өлкөлөрдүн ортосунда адамдардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн практикалык ишке ашырууга оң таасирин тийгизет, ошондой эле Бирликте ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.