Жаңылыктар

16 апрелиндеги 2025 ЕАЭБ мүчө мамлекеттердинин жарандары россиялык-беларустук чек ара аркылуу өтүүсүн чектөө менен байланышкан тоскоолдуктар четтетилди 2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда визаларды өз ара таануу жөнүндө жана 2020-жылдын 19-июнундагы Бирлик мамлекетин түзүү жөнүндө келишимдин катышуучу мамлекеттеринин аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын киришине байланыштуу башка маселелер боюнча макулдашуу күчүнө кирди. Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы Евразия экономикалык комиссиясына азыркы учурда Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Беларусь Республикасынан Россия Федерациясына кирүүнү жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына эл аралык темир жол жана аба катнашынын пайдаланылуучу жолдору боюнча, ошондой эле Макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль катнашынын жолдору (алты участок) боюнча чыгууну жүзөгө ашырууга практикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги жөнүндө маалымдашты. Буга чейин Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына Беларусь Республикасынан жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына авиациялык транспорт менен гана кире алышкан. Эки өлкөнүн географиялык жакындыгын эске алганда, бул кымбат жана дайыма эле ыңгайлуу болгон эмес. Макулдашуунун күчүнө кириши менен Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары беларустук-россиялык чек арасынан автомобиль, ошондой эле темир жол транспорту менен өтө алышат. 2025-жылдын 15-апрелинде Комиссиянын Коллегиясы көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселени караган. "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Комиссиянын биргелешкен ишинин аркасында Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары россиялык-беларустук чек арасы аркылуу эркин жүрүүгө мүмкүндүк алышты. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча системалуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө жана улантылат. Албетте, бул жагдай биздин өлкөлөрдүн ортосунда адамдардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн практикалык ишке ашырууга оң таасирин тийгизет, ошондой эле Бирликте ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.
31 январындагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБде санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыты — адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Digital Almaty 2025 санариптик форумунун пленардык сессиясында Евразия экономикалык бирлигинде санариптештирүү процесстеринин өнүгүшү жөнүндө айтып берди. ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, Комиссиянын күч-аракети Digital Union концепциясын ишке ашырууга багытталган. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутуму иштеп жатат, ал Digital Union үчүн технологиялык пайдубал болуп саналат, – деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. — Анын ырааттуу өнүгүшү улуттуктан жогорку инфраструктуранын калыптанышына алып келет. Бул беш ар башка тутум бир экотутумда болушуна мүмкүндүк берет". Ошол эле учурда ЕАЭБде мүчө мамлекеттердин санариптик көзкарандысыздыгына таасирин тийгизбеген шайкештик, синхрондоштуруу жана интеграциялуулук принциптерин кармануу улантылууда. Бул санариптештирүү жаатындагы өлкөлүк мыкты чечимдерди аларды андан ары масштабдоо мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда эле интеграцияланган маалыматтык тутумдун технологиялык чечимдери улуттук санариптик платформалардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн камсыздоодо. Натыйжада, чек ара аралык кызматтарды ишенимдүү жана коопсуз чөйрөдө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө толук масштабдуу мамлекеттер аралык электрондук G2G, B2G жана C2G өз ара аракеттенүүсү жөнүндө сөз кылууга болот. Бул корголгон маалымат тармагын иштетүүнүн жана жалпы процесстерди этап-этабы менен ишке киргизүүнү камсыздоонун аркасында мүмкүн болду. "Бешилтиктин" алкагында 77 жалпы процесс бекитилген. Алардын ичинен 42си ишке киргизилген. Комиссия дагы 24 жалпы процессти ишке киргизүүгө даярдады. Калган 11 процессти даярдоо 2025-жылдын аягына чейин камсыздалат. Мисалы, продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө документтердин бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча жалпы процесс бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболорду олуттуу кыскартты. Эгерде конкреттүү адамдар үчүн артыкчылыктар жөнүндө айта турган болсок, анда, мисалы, электрондук форматта ЕАЭБдин бир өлкөсүнүн жаранынын башка өлкөдөгү эмгек стажы тастыкталат. Мүчө мамлекеттердин калкынын башка процесстерди жана документтерди санариптештирүүгө болгон муктаждыгы да жогору. Адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу – Бирликте санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыты. Форумдун алкагында Комиссиянын стендинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусу менен Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун ишенимдүү үчүнчү тараптын кызматын пайдаланууга киргизүүгө старт берилди. Ал электрондук санариптик кол тамганы өз ара таанууну ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, анын аркасында мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандар үчүн чек ара аралык электрондук документ жүгүртүү камсыздалат.
31 январындагы 2025 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Татьяна Бранцевич дайындалды Татьяна Викторовна Бранцевич 1974-жылы төрөлгөн. 1996-жылы Беларусь айыл чарба академиясын "АӨК тармактарында уюштуруу жана башкаруу" адистиги боюнча, 2008-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын аяктаган. Эмгек жолун Минск облусунун Крупки шаарындагы "Амкодор-Можа" ЖЧКнын машина-трактордук паркында экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1999-2009-жылдары Минск облусунун Башкы статистикалык башкармалыгынын Крупск райондук статистика бөлүмүнүн башкы экономисти болуп иштеген. 2009-2015-жылдары – Минск областынын Крупск райондук аткаруу комитетинин жетекчилик кызматтарында. 2015-2021-жылдары Минск областтык аткаруу комитетинде төраганын орун басары, экономика комитетинин төрайымы болуп иштеген. Инвестициялык, инновациялык ишмердүүлүк, ишкердикти өнүктүрүү жана тышкы соода кызматташтыгы маселелерин жетектеген. 2021-жылдан 2024-жылга чейин – Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары. Регионалдык өнүктүрүү, социалдык саясат, АӨК өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөр жай маселелерин тескеген. Мамлекеттик программаларды ишке ашырууну жана ишканалар менен уюмдарды каржылык жактан жакшыртууну координациялаган. 2025-жылдын 23-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.
12 декабрындагы 2024 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Нарине Давтян дайындалды Нарине Гарниковна Давтян эмгек жолун Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында баштаган, ал жерде 2006-2008-жылдары аспирантура бөлүмүн жетектеген. 2008-жылдын сентябрынан ноябрына чейин – Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Диаспора комитетинин диаспора менен байланыш боюнча маданий программаларынын координатору болгон. 2008-2013-жылдары - Армения Республикасынын Диаспора министрлигинин аппаратынын биринчи бөлүмүнүн башчысы. 2013-2014-жылдары - VLHAQ жол курулуш компаниясынын директорунун укуктук маселелер боюнча орун басары. 2014-2024-жылдары Армения Республикасынын Конституциялык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген. 2009-жылы Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын юридикалык факультетинин магистратурасын аяктаган. 2013-жылы "Укукту ишке ашыруу көйгөйлөрү" темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2014-жылдан тарта Ереван мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде жана Россия-Армян университетинин укук жана саясат институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. 2024-жылдын 3-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.
08 октябрындагы 2024 III Евразия экономикалык форумунун жыйынтыктары Армениянын борборунда 30-сентябрдан 1-октябрга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына арналган III Евразия экономикалык форуму болуп өттү. Иш-чара 2024-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Армения Республикасынын төрагалыгынын алкагында болуп өттү. Форумдун ишине 30дан ашык өлкөдөн 2000ге жакын катышуучу катышты. Бизнес өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусу байкалды: Форумга 200гө жакын компания келди. Форумдун алкагында ЕАЭБ-Куба жана ЕАЭБ-Иран бизнес-диалогдору болуп өттү, алардын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн концептуалдык маселелери талкууланды. Форумдун ишкердик программасы 30дан ашык иш-чараларды камтыды. ЕЭФ-2024түн катышуучулары Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү, ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташтык, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, ошондой эле эл аралык кызматташтык сыяктуу экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. III Евразиялык экономикалык форумдун өзөктүү иш-чарасы – "Заманбап реалдуулукта санариптештирүү – төрт эркиндикти камсыз кылуу үчүн императив" пленардык отуруму болду, ага Евразия экономикалык бирлигинин өкмөт башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. Форумга ошондой эле ардактуу коноктор – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын Биринчи Вице–президенти Мохаммад-Реза Ареф катышты. Форумга Ирандан келген көп сандаган делегация катышты. ЕАЭБ-Иран бизнес-диалогу өзүнө панелдик дискуссияны камтыган, анын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн концептуалдык маселелери талкууланды, ошондой эле тармактык тегерек столдор өткөрүлүп, анда айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана соодага жана инвестицияга көмөк көрсөтүүнүн каржылык инструменттери жаатындагы практикалык мүнөздөгү милдеттер каралды. Тармактык тегерек столдордун алкагында ЕАЭБдин ишкердик бирикмелеринин жана бизнестин өкүлдөрү ошондой эле өздөрүнүн учурдагы жана перспективалуу долбоорлорун сунушташты. "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсу Форумдун алкагында Стратегиялык демилгелер агенттиги Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте "жашыл күн тартибинин" технологиялык лидерлерин аныктоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине экономиканы климаттык адаптациялоо боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды жайылтууга багытталган "Жашыл Евразия" конкурсун экинчи жолу өткөрдү. Эксперттер тарабынан таанылган "Мыкты тажрыйбалар" нускалоого сунушталат. Бул жылы "Жашыл Евразия" дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн катышуучулары үчүн ачык болду. Конкурс климаттык туруктуулукту бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу үчүн масштабдуу аянтча болмокчу. Жалпысынан конкурска 15 номинация боюнча 300 билдирүү  келип түштү. Россия Федерациясынын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Ирандын, Египеттин, Индонезиянын жана Өзбекстандын климаттык мыкты 57 тажрыйбасы сынактын жеңүүчүлөрү жана финалисттери болушту.  Сыйлоо аземине Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышышты. Макулдашуулар 2024-2027-жылдарга Евразия экономикалык комиссиясы менен Регионалдык шериктештиктин байланыш жаатындагы өз ара иштешүүсү боюнча иш-чаралар планына (жол картасына) кол коюлду. Ага ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана Регионалдык шериктештиктин байланыш жаатындагы башкы директору Алексей Бородин кол коюшту.  Татарстан Республикасынын Өнөр жай кластери менен "Казакстан электрэнергетикалык ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Татарстан Республикасынын Өнөр жай кластеринин башкармалыгынын төрагасы Сергей Майоров жана "Казакстан электроэнергетикалык ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы Талгат Темирханов кол коюшту.  III Евразиялык экономикалык форумдун маалыматтык өнөктөштөрү: ТАСС маалымат агенттиги, Белтелерадиокомпания, Армениянын Коомдук радиосу, "Арменпресс" маалымат агенттиги, Иран Ислам Республикасынын маалымат агенттиги (ИРНА).
06 июнундагы 2024 ЕЭК жана Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештик Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюшту Евразия экономикалык комиссиясы менен Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештиктин ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештиктин башкы директору Алексей Бородин кол коюшту. Салтанат 5-июнда Минскте "ТИБО-2024" XXX Эл аралык санариптик форумунун "Евразия санариптик бирлиги" тематикалык отурумунун талааларында өткөрүлдү. Меморандумда коопсуз санариптик инфраструктураны түзүү, ЕАЭБ жана КМШ алкагында чек ара аралык ишеним мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана аларды инновациялык өнүктүрүү жолу менен маалыматтык коомдоштукту түзүүгө көмөктөшүү каралган. Тараптар маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында маалымат жана алдыңкы тажрыйба менен алмашууну, консультацияларды, семинарларды, биргелешкен отурумдарды, конференцияларды, тегерек столдорду жана башка, анын ичинде ишенимди жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча иш-чараларды өткөрүүнү, биргелешкен аналитикалык материалдарды жана баяндамаларды даярдоону пландаштырышат. Документте өз ара аракеттенүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү каралган. ЕЭК министри Варос Симонян белгилеп өткөндөй, Меморандумга кол коюу Комиссиянын эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарын бекемдөө боюнча кезектеги кадам болуп саналат, ал байланыш жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. "Меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттешүү санариптик технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган биздин күч-аракеттерибизди консолидациялоого мүмкүндүк берет жана аларды Бирликтин мүчө мамлекеттеринде жана РБШ катышуучу өлкөлөрүндө жайылтууну тездетет", – деп белгиледи Варос Симонян. Өз кезегинде Алексей Бородин ийгиликтүү кызматташууга жана жемиштүү биргелешкен ишке болгон үмүтүн билдирди. "Меморандумдун негизинде биз санариптик өнүктүрүү жана глобалдык маалыматтык коомго интеграциялоо жаатындагы келечектүү багыттар боюнча тажрыйба алмаша алабыз", — деди ал. Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештик (РБШ) Шериктештиктин мамлекеттеринин байланыш администрациялары тарабынан 1991-жылдын 17-декабрында Почта жана электр байланышы жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашуу менен түзүлгөн, 1992-жылдын 9-октябрында КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңеши тарабынан бекитилген. РБШ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары шериктештиктин өлкөлөрүнүн МКТ чөйрөсүндө көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыгын жөнгө салуу, КМШнын жалпы маалыматтык мейкиндигин түзүүдө макулдашылган иш-аракеттерди жүргүзүү, ченемдик-укуктук базаны жакындатуу, маалыматтык ресурстар менен алмашуу, маалыматтык коопсуздук маселесин комплекстүү чечүү, КМШнын катышуучу мамлекеттеринин глобалдык маалыматтык коомго ийгиликтүү интеграцияланышын камсыздоо болуп саналат.
03 майындагы 2024 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директору болуп Самат Кулмамбетов дайындалды Самат Кулмамбетов 1978-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн (адистиги – "Дүйнөлүк экономика"). Эмгек ишмердигин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борборунун макроэкономика бөлүмүндө иштөө менен баштаган. 2004-жылдын июнунан 2006-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин бажы-тарифтик саясат бөлүмүндө жетектөөчү, андан кийин башкы адис болуп иштеген. 2006-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы болуп эмгектенген. 2007-жылдын апрелинен 2018-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, бажы-тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы болгон. 2018-жылдын январынан 2021-жылдын майына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын жетекчиси - бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылдын майынан 2023-жылдын мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча чечимдерин даярдоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын апрелине чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор башчысы.  2024-жылдын 2-майында ЕЭКтин Ички рыноктордун иши департаментинин директору кызматына дайындалган. Сыйлыктары: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин "Экономиканын отличниги" төш белгиси. "КР мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси. "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы. КР Экономика жана коммерция министрлигинин "Сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы төш белгиси. "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы.
25 апрелиндеги 2024 ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтыгы талкууланды Маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жаатындагы өз ара иштешүү, биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана кызматташтыктын перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору Александр Алексанян менен Ариадна Пласенсия Кастро башында турган Кубанын маалыматташтыруу жана коммуникациялар боюнча бизнес-тобунун жолугушуусунда каралды.  Александр Алексанян Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун (ИМТ) түзүү боюнча комиссиянын масштабдуу иши, Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалыматтарды жана электрондук документтерди мамлекеттер аралык алмашууда чек ара аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин электрондук санариптик колтамгаларын таануу жөнүндө айтып берди. ЕАЭБ мамлекеттеринин санариптештирүү чөйрөсүндө үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуусунун ийгиликтүү мисалы катары тармактык департаменттин башчысы ЕАЭБдин Вьетнам менен өз ара аракеттенүүсүн атады. "ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда ИМТны пайдалануу менен маалымат алмашуу боюнча маалыматтык өз ара иштешүүнү ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын белгилебей коюуга болбойт, – деди Александр Алексанян. – Бул тажрыйба Куба менен электрондук маалымат алмашууда колдонулушу мүмкүн, мындай кызматташтыктын – потенциалы чоң". Кубалык тарап өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоо, телекоммуникациялык инфраструктураны, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана тармактык туташуулардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Бизнес-топтун өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринде өздөрүнүн маалыматтык технологияларын илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Александр Алексанян кубалык кесиптештерин МКТ чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана санариптик иштеп чыгуулар жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар үчүн Минскте өтө турган "ТИБО-2024" маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды. Тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууну, ЕЭКтин делегациясынын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөлөрүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү FIHAV Гавана эл аралык жарманкесинин алкагында улуттук илимий-технологиялык парктардын ишмердиги менен таанышуу үчүн Кубага сапарын иштеп чыгууну макулдашышты. Куба Республикасы ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет болуп саналат. ЕАЭБдин Куба менен кызматташуусунун негизине өз ара пайдалуу диалогду өнүктүрүү үчүн олуттуу база киргизилген, атап айтканда, Комиссия менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлган. ЕАЭБден Кубага кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн продукцияларын экспорттоонун көлөмү 2023-жылы 3%га көбөйгөн, 2022-жылга салыштырмалуу ЕАЭБге Куба товарларынын импорту өткөн жылы эки эсеге өскөн.
Дагы көрсөтүү