Самат Кулмамбетов 1978-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн (адистиги – "Дүйнөлүк экономика").
Эмгек ишмердигин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борборунун макроэкономика бөлүмүндө иштөө менен баштаган.
2004-жылдын июнунан 2006-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин бажы-тарифтик саясат бөлүмүндө жетектөөчү, андан кийин башкы адис болуп иштеген.
2006-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы болуп эмгектенген.
2007-жылдын апрелинен 2018-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, бажы-тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы болгон.
2018-жылдын январынан 2021-жылдын майына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын жетекчиси - бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген.
2021-жылдын майынан 2023-жылдын мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча чечимдерин даярдоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2023-жылдын мартынан 2024-жылдын апрелине чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор башчысы.
2024-жылдын 2-майында ЕЭКтин Ички рыноктордун иши департаментинин директору кызматына дайындалган.
Сыйлыктары:
КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин "Экономиканын отличниги" төш белгиси.
"КР мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси.
"Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин "Сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы төш белгиси.
"Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы.