Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кызматташуунун перспективаларын онлайн-форматта талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин директору Жанар Адикова өзбек кесиптештерин Бирликтин укугу менен каралган мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндөгү базалык принциптер, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуунун айрым маселелеринде Комиссиянын ролу менен тааныштырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү диалогду улантууга жана тереңдетүүгө, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларга өз ара катышуу маселелерин талкуулоого кызыкдар экендигин билдиришти.
Өз кезегинде Департаменттин директорунун орун басары Армине Акопян өзбек кесиптештерин Ереванда 30-сентябрь-1-октябрда өтө турган Евразия экономикалык форумунда диалогду улантууга чакырды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын сунуштады.