2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө аныкталган контрафакттык товарлардын көлөмү 5,8 млн бирдикти түзгөн. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрүнө ЕЭКтин Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов айтты. Анын айтымында, "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде контрафакт боюнча алдыңкы орундарды кийим жана бут кийим, оюндар жана оюнчуктар, унаа тетиктери, тамак-аш, алкоголдук продукция, тиричилик техникасы жана электроника, аксессуарлар ээлейт".
Отуруму 9-октябрда өткөн Комитеттин катышуучуларынын кароосуна Комиссия 2019-жылдан 2023-жылга чейинки статистикалык көрсөткүчтөрдү камтыган бир катар аналитикалык документтерди сунуштады. Документтердин катарында – Бирликтин алкагында интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча сунуштар жана мамлекеттерде ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштамалар менен акыркы беш жыл ичиндеги аналитикалык сереп, ошондой эле 2023-жыл үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө укук колдонуу практикасынын мониторинги жөнүндө отчет бар.
"Жакын арада Бирликтин расмий сайтында биз ЕАЭБ мамлекеттеринде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө аналитикалык серепти, ошондой эле 2023-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө укук колдонуу практикасынын абалы жөнүндө отчетту жарыялайбыз", – деп белгиледи Ернар Бакенов.
Мындан тышкары, катышуучулар Бирликтин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбооруна интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө сунуштарды карашты.
Отурумда ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүш сырларын түзгөн маалыматтарды укуктук коргоо практикасы ("ноу-хау"), товардык белгилер, тейлөө белгилери жана Бирликтин товарлары чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү каралды.
Ошондой эле Комитеттин катышуучулары интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестрин ишке киргизүүнү, Интернет түйүнүндө интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы күрөшүүдө макулдашылган мамилелерди түзүүнү жана ЕАЭБ мамлекеттеринде корголуучу өнөр жай менчик объектилерин издөө сервисин түзүүнү талкуулашты.