Кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык соодасынын өсүшү Евразия экономикалык бирлигинин көпчүлүк мүчө мамлекеттеринде жана жалпысынан ЕАЭБ боюнча 2023-жылдын тогуз айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу байкалган.
Арменияда кызмат көрсөтүү соодасынын оң сальдосу 57,2%га көбөйгөн, Беларуста 33,6%га төмөндөгөн.
Көпчүлүк мүчө мамлекеттерде кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун жана импортунун түзүмүндө эң көп үлүштөр транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө (Казакстанда 50%га чейин) жана сапарларга (Арменияда 57%га чейин) туура келген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту жана импорту" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.