Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү концепциясына кол коюшту.
Бул документ евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн улуттук биржаларын өнүктүрүүгө жардам берет жана бизнеске сатуу рынокторун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошону менен бирге керектөөчүлөр баалары атаандаштык негизинде түзүлө турган товарларга жеткилик алышат.
Товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүүнүн башкы максаттары болуп биржалык товарларга объективдүү рыноктук бааларды түзүү, Бирликте соода көлөмүнүн өсүшү, улуттук валюталарда эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана дүйнөлүк рынокто ЕАЭБ товарларына адилеттүү баа түзүүнү калыптандыруу саналат.
Ошол эле учурда энергетикалык товарларды биржалык соодалоонун маселелери энергетикалык ресурстардын жалпы рынокторун түзүү боюнча иштердин алкагында макулдашылат.
Товарлардын жалпы биржалык рыногунун субъекттери болуп тооруктун уюштуруучулары жана катышуучулары, товарларды сактоо жана ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле жалпы биржа рыногунун катышуучуларына эсептешүү-клирингдик кызматтарды көрсөтүүчү инфраструктуралык уюмдар эсептелет.
Тооруктарды уюштуруучулар менен мүчө мамлекеттердин инфраструктуралык уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу товарлардын жалпы биржалык рыногунун натыйжалуу ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон көлөмдө, өз ара макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
Мүчө мамлекеттердин биржалык сооданы жөнгө салууга ыйгарым укуктуу органдарынын жана ЕАЭБ товарларынын жалпы биржалык рыногунун субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү үчүн консультативдик орган – Биржалык комитет түзүлөт.
Товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча кийинки кадам ЕАЭБ алкагында биржалык сооданы өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу болот, аны өкмөт башчыларынын деңгээлинде 2024-жылдын аягына чейин бекитүү пландаштырылууда.