Россиядагы Европалык бизнес ассоциациясынын аянтчасында өткөн "Интеллектуалдык менчик: өнүгүү тенденциялары, тажрыйба, көйгөйлөр жана чечүү жолдору" конференциясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова Евразия экономикалык бирлигинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү негизги окуялар жөнүндө айтып берди.
"Интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу кайтаруу жана коргоо экономиканын өсүшүнө, биринчи кезекте анын креативдүү жана инновациялык чөйрөлөрүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат", – деп белгиледи Нуржамал Ильясова.
ЕЭК өкүлү интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө маалымдап, интеллектуалдык менчик объектилери камтылган товарларды бажылык контролдоо маселелери Комиссиянын аянтчасында талкуулардын туруктуу темасы болуп саналаарын белгиледи.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында Нуржамал Ильясова ЕАЭБ өлкөлөрүндө корголуучу өнөр жай менчик объектилеринин бизнеске багытталган онлайн-издөө сервистерин түзүү боюнча иштерди, ошондой эле Интернет тармагында интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча улуттуктан жогорку жөнгө салууну түзүү, интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестрин колдонууга киргизүү боюнча иштерди бөлүп көрсөттү.
Ошондой эле Нуржамал Ильясова конференциянын катышуучуларына Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу планын даярдоо боюнча ЕЭКтин иши жөнүндө маалымдады, анда иш-чараларды, анын ичинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү иш-чараларды киргизүү каралат.
Европалык бизнес ассоциациясы (ЕБА) - Россия Федерациясында чет элдик инвесторлордун негизги өкүлчүлүгү. 1995-жылы негизделген ЕБА Россияда иштеген 380ден ашык компанияларды бириктирген көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. АЕБге бизнестин ар кандай чөйрөлөрүндө, анын ичинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ар кандай маселелерди сүрөө менен алектенген 65 комитет жана жумушчу топтор кирет.