Евразия экономикалык комиссиясы, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, Федералдык бажы кызматы жана Россиянын экспорттук борбору (РЭБ) Стратегия-2025ти ишке ашыруунун алкагында Россия Федерациясында "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялашты.
Иш-чарага Комиссиянын, бажы кызматтарынын, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнестин "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин өнүктүрүү долбооруна тартылган өкүлдөрү катышышты.
Россиялык тарап Россиянын ФБКнын маалыматтык-программалык каражаттар комплексинин, анын ичинде "Деңиз порту" порталынын" жана "Жеке кабинет сервистеринин компоненти, ошондой эле "Менин экспортум" РЭБ санариптик платформасы" автоматташтырылган тутумчасын көрсөттү.
Пилоттук долбоорлорду көрсөтүү учурунда Комиссиянын жана Бирликтин мамлекеттеринин бажы кызматташтыгы боюнча блогу тарабынан иштелип чыккан ТЭИ жөнгө салуу үчүн "бирдиктүү терезе" улуттук механизминин эталондук моделинин актуалдуулугу белгиленди.
Пилоттук долбоорлор тараптардын өкүлдөрү тарабынан жогору бааланды. Алар кеп келечектүү бажы технологияларын өнүктүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салуучулардын бизнес менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү жөнүндө болуп жатканын баса белгилешти.