Жаңылыктар

06.12.2024

ЕЭКте ЫЭО үчүн жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы демилгелер каралды

ТЭИнин мыйзамга баш ийген катышуучулары - ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүүгө багытталган демилгелер жана жалпысынан Евразия экономикалык бирлигинде мындай статустун жагымдуулугу ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтун отурумунда талкууланды.

Товарларды декларациялоо, отчет берүү, камсыздоону көрсөтпөстөн алып келүү бажы алымын төлөөнү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө, экспорттолуучу товарларга карата декларация берилгенге чейин чыгарууну колдонуу бөлүгүндө жөнөкөйлөштүрүүлөр талкууланды.

"Отурумда Комиссия тарабынан даярдалган, жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосунан өткөн, ЫЭО товарларын эсепке алуу тутумуна типтүү талаптардын долбоору каралды, ал бажылык башкаруунун келечектүү багыты жана операторлор үчүн андан аркы жөнөкөйлөтүүлөрдүн катализатору болуп саналат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Александр Титов.

Мындан тышкары, ЫЭО реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун бир нече негиздер боюнча токтотууга жана товарларды эсепке алуу тутумуна коюлган талаптарга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырууга байланыштуу укук колдонуу тажрыйбасы маселелери козголду жана бул маселелер боюнча жалпы түшүнүк иштелип чыкты.

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор — бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.