Жаңылыктар

07.10.2022 (Обновлено: 14.10.2022 15:44)

ЕАЭБ өлкөлөрүндө каржы рынокторундагы алдамчыларга каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлөт

Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директору Аркадий Хачатрян "Финансылык коопсуздук аймагы" финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча VII Эл аралык конференцияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансылык рынокторунда алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча жаңы чакырыктар жана милдеттер жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, ыкчам санариптештирүүдө бир катар олуттуу коркунучтар, анын ичинде жарандардын каржылык коопсуздугу чөйрөсүндө коркунучтар бар, анткени кибер кылмышкерлер акча табуунун жаңы мыйзамсыз жолдорун табуу үчүн, бүгүнкү оор жагдайларды жигердүү колдонуп жатышат.

Казакстандык тараптын маалыматы боюнча, ушул жылдын биринчи беш айында Казакстанда финансылык пирамидалардын белгилери бар уюмдар 17 миң аманатчынын 27 млрд теңгеден ашык мүлкүн өзүнө ыйгарып алышкан.

Россия Банкынын маалыматы боюнча, 2021-жылы аралыктан төлөөнүн жаңы сервистери жигердүү өнүгүшүнүн фонунда, электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен акча которуулар 28%га өсүп, 1 трлн рублден ашкан. Ошону менен бирге кардарлардын макулдугусуз жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 40%га көбөйгөн.

"Каржы рынокторунда алдамчылыкка каршы аракеттенүүнү активдештирүү – бул Евразия бирлигинин бардык өлкөлөрү үчүн жалпы милдет", – деп баса белгиледи Аркадий Хачатрян.

ЕЭК департаментинин директору киргизилген экономикалык санкциялар жана чектөө чаралары каржы рынокторуна олуттуу терс таасирин тийгизип, Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүнө таасир этип жаткандыгын белгиледи.

Үчүнчү өлкөлөрдүн иш-аракеттеринен улам келтирилген экономикалык зыянды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн, Комиссиянын аянтчасында Бирлик мамлекеттеринин каржы-экономикалык блогунун ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүлдү. Аталган жумушчу топ ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасында улуттук валюталарды пайдаланууну өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгып, алар үстүбүздөгү жылдын август айында Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан жактырылган.

"Төлөм карталарынын улуттук тутумдарынын тутумдар аралык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, улуттук валюталарда банктык корреспонденттик эсептер тармагын өнүктүрүү, каржылык маалымат алмашууну активдештирүү жана ЕАЭБ алкагында төлөмдөрдү тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоо боюнча иштер каралууда", – деп корутундулады ЕЭК департаментинин жетекчиси.