Жаңылыктар

30.09.2024

Валентин Татарицкий: "Үчүнчү өлкөлөрдөн электрондук соода товарларынын коопсуздугун жөнгө салуу үчүн Бирликте өзгөчө механизмди орнотуу талап кылынат"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий билдирди, ал III Евразия экономикалык формунун алкагында "ЕАЭБде электрондук сооданы техникалык жөнгө салуу: электрондук аянтчаларда товарлардын коопсуздугу" панелдик сессиясында төрагалык кылды.

ЕЭК министринин сөзү боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү жана Комиссия тышкы электрондук соода товарларынын коопсуздугун жөнгө салууга карата мамилелерди иштеп чыгууну улантышууда.

"Бул оңой эмес маселе. Бир жагынан, биз Бирликтин жарандарын кооптуу продукциядан коргоону камсыз кылышыбыз керек, экинчи жагынан – коопсуздукту жөнгө салуунун киргизилүүчү механизмдери электрондук сооданын өнүгүүсүн токтотпошу, Бирликтин рыногунда товарлардын тартыштыгын түзбөшү же керектөө суроо-талабын төмөндөтпөшү керек, – деп баса белгиледи Валентин Татарицкий. – Дал ошол себептен, өкмөт башчыларынын жана ЕЭК Кеңешинин чечимдери менен Бирликтин техрегламенттери менен белгиленген товарлардын шайкештигин баалоо жол-жоболорунун толук комплексин жүргүзүү жолу менен, коопсуздукту милдеттүү түрдө ырастоо менен техникалык жөнгө салуунун "классикалык" чараларын колдонуу эмес, кабарлоо тартибин колдонуу жолу менен электрондук товарлардын коопсуздугун жөнгө салууга "жумшак" мамилени апробациялоо белгиленген".

Сессиянын катышуучулары - ЕАЭБ мамлекеттеринин техникалык жана бажылык жөнгө салуу, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, ишкер коомдоштуктардын өкүлдөрү - профилдик темалардын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Бир нече спикерлер Тышкы электрондук сооданын товарларынын коопсуздугун жөнгө салууга карата мамилелерди моделдөөгө басым жасашты, анын ичинде алардын коопсуздугун тастыктоонун кабарлоо тартибин колдонуу аркылуу, бирок продукция Бирликтин жарандары үчүн коопсуз болооруна кепилдик берүү менен. Алардын катарында - Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Елена Моргунова, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин Лицензиялоо, контролдоо-көзөмөлдөө ишмердиги, аккредитациялоо жана өзүн-өзү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат департаментинин директорунун орун басары Наталья Савельева жана эки ири электрондук соода аянтчасынын өкүлдөрү Рафаэль Абрамян ("Вайлдберриз") жана Алексей Минаев ("Озон") болду.

"Кабарлоо тартибин эксперимент форматында улуттук деңгээлде практикалык колдонуу үчүн Комиссия аны жүргүзүү үчүн "убактылуу тартип"деп аталган жалпы ыкмаларды жана механизмдерди бекитти", – деп белгиледи Валентин Татарицкий кесиптештеринин сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий берип жатып. - Маанилүү нерсе, "убактылуу тартиптин" механизмдери, кабарлоо тартибиндеги товарлардын апробоциялануучу түрлөрү сыяктуу эле, өзгөртүлүшү мүмкүн. Улуттук деңгээлде кабарлоо тартибин апробациялоо үчүн товарлардын башка түрлөрү жана алардын коопсуздугун тастыктоо өзгөчөлүктөрү тандалып алынышы мүмкүн, алар чоң натыйжалуулукту көрсөтүшү ыктымал".

ЕЭК министри айткандай, башка моделдерди тандоодо, үчүнчү өлкөлөр электрондук соода товарларынын коопсуздугун жөнгө салганын жана алар тарабынан белгиленген эрежелер азыр эле ЕАЭБ мамлекеттери үчүн соодада техникалык тоскоолдуктар болуп саналаарын эске алуу маанилүү. Салыштырмалуу чараларды көрүү жана ЕАЭБ рыногун жана Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарын кооптуу продукциядан коргоо жөнүндө ойлонуу маанилүү.

Кабарлоо тартибин колдонуу боюнча бажылык башкаруу аспектилерине, өз сөзүн Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Сергей Шкляев арнады.

"Бажы кодексине өзгөртүүлөр менен электрондук соода товарларынын эки категориясы киргизилген. Алып келүүдө жеке адамдарга сатуу үчүн арналган товарлар катары билдирилген товарлар техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышын тастыктоого жатат (шайкештикти баалоо жөнүндө документ болушу керек). Комиссиянын аянтчасында учурда иш жүргүзүлүп жатат жана товарлардын бул категориясы продукцияны алып келүү Тартибине имплементацияланууда, – деп белгиледи Валентин Татарицкий, аталган чыгып сүйлөөгө комментарий берип жатып. – Жеке адамдар сатып алган товарлар бажы кампасынын жол-жобосуна жайгаштырылбайт. Бул категорияга карата коопсуздукту тастыктоо үчүн кабарлоо тартибин киргизүү боюнча ыкманы кабыл алуу пландаштырылууда. Ал кабыл алынган жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге имплементацияланган учурда, мындай товарларды ташып келүүдө башкаруу эрежелерин иштеп чыгуу зарыл".

Росстандарттын жетекчиси Антон Шалаев өз сөзүндө, электрондук сооданы колдоонун жана өнүктүрүүнүн куралы катары стандарттарды иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду, аларды колдонуу нысапсыз атаандаштык көрүнүштөрүнүн алдын алууга, сапаттуу керектөө товарларын алууга, ошондой эле аларды жеткирүү кызматтарын тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Сессиянын катышуучулары Комиссия тарабынан Бирлик жөнүндө келишимге тышкы электрондук соода товарларынын коопсуздугун жөнгө салуу моделин киргизүү үчүн сунуш кылынган консолидацияланган позицияны иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти,ал кабарлоо тартибин киргизүүдөн тышкары, Бирликтин техрегламентинде белгиленген шайкештикти баалоо жол-жоболорунан өтүүгө тийиш болгон сезимтал электрондук соода товарларынын тизмесин аныктоо мүмкүнчүлүгүн болжолдойт.