Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы курамын бекитишти, ал 2024-жылдын 1-февралынан тарта ишке киришмекчи.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы болуп Казакстан Республикасынын өкүлү Бакытжан Сагинтаев бекитилди. Ал өз ишине 2024-жылдын 1-февралынан тарта киришет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилди:
- ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев;
- ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов;
- ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян;
- ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв;
- ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий;
- ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров;
- ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев;
- ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович;
- ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министри) Варос Симонян.
ЖЕЭКтин чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Армения Республикасы бир жыл бою төрагалык кылмакчы. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, аталган органдардагы төрагалыктын постунда жыл сайын орус алфавитинин тартибинде пландык ротация жүргүзүлөт. Өтүп бара жаткан 2023-жылы бардык түзүмдөрдө Россия Федерациясы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылды.