Жаңылыктар

16.07.2024

БУУнун штаб-квартирасында ТӨМгө жетишүүдө ЕАЭБдин салымы талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясы 15-июлда Нью-Йоркто БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) эгидасы алдында туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында "Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) колдоо боюнча регионалдык өнөктөштүк: ЕАЭБдин тажрыйбасы жана Евразиядагы башка аймактык демилгелер" сайд-ивентин уюштурду.

"БУУ күн тартиби – 2030га туруктуу өнүгүү жаатында жетишүүдө регионалдык интеграциялык бирикмелердин ролу бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй жогору. Жана евразиялык интеграциялык өз ара иштешүүнүн өнүгүшүнө жараша ЕАЭБдин бул глобалдык демилгеге кошкон салымы кыйла салмактуу болуп баратат", – деп билдирди негизги баяндама менен чыгып сүйлөгөн ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.

Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ТӨМгө жетишүү боюнча биргелешкен ишке багыт алгандыгын баса белгиледи, бул анын ичинде Бирлик мамлекеттеринин башчылары 2023-жылдын декабрында кол койгон "Евразия экономикалык жолу" декларациясында чагылдырылган.

ЕЭК министри ЕАЭБде интеграциялык өз ара иштешүүнүн өнүккөн деңгээли мүчө мамлекеттерге БУУ Күн тартиби-2030ду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиледи, жана ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан ТӨМ № 1 "Жакырчылыкты жоюу", ТӨМ № 2 "Ачкачылыкты жоюу", ТӨМ № 3 " Жакшы ден соолук жана бакубатчылык" жана ТӨМ № 17 "Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы өнөктөштүк" ишке ашыруусу менен интеграциялык чаралардын жана механизмдердин өз ара байланышынын конкреттүү мисалдарын келтирди.

Мисалы, № 2 ТӨМдү ишке ашырууга карата, ЕАЭБдин азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылуусунун жогорку деңгээли - 93%, ошондой эле Бирлик өлкөлөрү тарабынан буудай жана жашылчаларды өстүрүү үчүн минералдык жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко экспорттоонун олуттуу көлөмү белгиленген. ТӨМ № 17 боюнча ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр жана аймактык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейип жаткан географиясы баса белгиленди.

Дискуссиянын катышуучулары ТӨМгө жетишүү прогрессин тездетүү үчүн мамлекеттердин жана регионалдык бирикмелердин жамааттык аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

"Евразия экономикалык интеграциясы глобалдык көйгөйлөрдүн курчушуна каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу жана ийкемдүү механизми болуп саналат, атап айтканда: дүйнөлүк экономиканын начарлашы, жакырчылык, климаттын өзгөрүшү жана азык-түлүк, суу жана энергияны кошо алганда ресурстардын жетишсиздиги. Анын мындан аркы гармониялуу өнүгүүсү, экономикаларды модернизациялоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо теңсиздик көйгөйүн чечип, социалдык интеграцияга жана жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзө алмак", – деп билдирди Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Амбразевич.

Россия Федерациясынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Василий Небензя регионалдык экономикалык интеграцияны көптөгөн өлкөлөргө соода байланыштарын диверсификациялоого, соода тоскоолдуктарын азайтууга, керектөө рыногунун кеңейишинен пайда алууга жана өнөр жай кызматташтыгын чыңдоого жардам берген маанилүү инструменттердин бири деп атады.

Казакстан Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Кайрат Умаровдун пикири боюнча, ЕАЭБ салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде мүчө мамлекеттерге Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык келген экономикалык демилгелер боюнча кызматташуу үчүн платформаны берген маанилүү интеграциялык механизмге айланды.

БУУ Күн тартиби-2030га жетишүүгө аймактардын салымын БУУнун Башкы катчысынын орун басары Рабаб Фатима белгиледи.

"Бүгүнкү күндө ТӨМ милдеттеринин 17%ы гана аткарылып жаткандыктан, билим алмашуу жана регионалдык бирикмелердин ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү аймактарга ТӨМ жетүү үчүн эң натыйжалуу инструменттерди алууга жардам бере алат. ЕАЭБ бул маанилүү милдетти чечүүдө өз салымын кошууну улантат деп ишенем", – деп билдирди Рабаб Фатима.

Өз тажрыйбалары менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбай, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО), Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ), ошондой эле КЭРдин өкүлдөрү бөлүшүштү.

Иш-чаранын трансляциясы UN Web TV санариптик платформасында жеткиликтүү.

БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) колдоосу астында туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форум 2024-жылдын 8-июлунда башталган. Ал БУУнун 2030-жылга чейинки Күн тартибин глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдерде ишке ашырууну тездетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга арналган.

Сайд-ивент Беларустун жана Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн көмөгү менен уюштурулган.

2015-жылы БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан "Дүйнөнүн өзгөрүшү. 2030-жылга чейин мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби" резолюциясы кабыл алынган. Туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби 17 максатты жана 169 милдетти камтыйт, алар комплекстүү мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн үч компонентинин – экономикалык өсүштүн, социалдык интеграциянын жана экологиялык туруктуулуктун тең салмактуулугун камсыз кылат.

2017-жылы ЕЭК БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында "ЕАЭБ регионунда БУУ ТӨМ жетишүү" баяндамасын даярдаган жана сунуштаган.

2023-жылдын 18-сентябрында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө евразиялык экономикалык интеграциянын таасири боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин биргелешкен билдирүүсүн сунуштады.