Жаңылыктар

16.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:45)

Мамлекеттик сатып алуулар үчүн өнөр жай товарларынын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

14-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен Мамлекеттик сатып алуулар үчүн айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 4-декабрындагы № 18 тапшырмасына ылайык, Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин ыйгарым укуктуу органдары жана бизнеси менен иштөөнүн жыйынтыктары боюнча "автомобиль куруу" тармагынын товарлары боюнча өндүрүш шарттарын кабыл алды. Аталган шарттар аткарылган учурда товар ЕАЭБде чыгарылган деп эсептелет. Өндүрүш шарттары автокомпоненттерди өндүрүүнүн кооперациялык принцибин караштырат.

Өзгөрүүлөр эрежелердин 18-пунктуна да тиешелүү – өндүрүш шарттарын аткаргандык үчүн берилген баллдардын саны жөнүндө маалыматтарды берүү, ошондой эле евразиялык реестрде реестрдик жазууну автоматтык түрдө аныктоо үчүн экспертизалоо актыларынын жарактуулук мөөнөтүнүн аяктоо күнүн, мисалы, "активдүү жазуу" же "актынын жарактуулук мөөнөтү аяктады" деп көрсөтүү зарылчылыгы бекитилген.

Эрежелерге № 1 тиркемеге өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн сырткары, Комиссия ЕАЭБ мамлекеттеринин сунуштарынын негизинде келечекте өндүрүштүн жалпы шарттарын иштеп чыгуу (тараптар менен макулдашылгандан кийин) мүмкүнчүлүгү каралган продукциянын тизмегин түздү.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиевдин айтуусу боюнча, жаңы шарттар даярдыгына жараша аларды № 1 тиркемеге киргизүү үчүн Комиссиянын Кеңешинин кароосуна киргизилмекчи. "Бул биздин келечектеги биргелешкен ишибиздин фронтун аныктайт", – деп министр корутундулады.

Эске сала кетсек, буга чейин Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 46 жана 2021-жылдын 18-майындагы № 55 чечимдери менен эрежелерге № 1 тиркеме айыл чарба үчүн тракторлор жана коргошун аккумуляторлордун эки түрү боюнча өндүрүш шарттары менен толукталган.