Жаңылыктар

11.07.2023

Балыкка жана балык продукциясына техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 11-июлдагы отурумунда "Балыктын жана балык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөр кабыл алынды.


Документ Комиссия тарабынан Беларусь Республикасынын Айыл чарба министрлигинин сунушунун, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан.

Программадан төрт позиция алынып салынган, анткени тиешелүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыккан. Программанын 23-позициясында мамлекеттер аралык стандарттын долбоорунун аталышы жана Беларусь Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук программасын жана планын эске алуу менен аны иштеп чыгуу мөөнөтү өзгөртүлгөн. Ошондой эле Программа Казакстан Республикасынын улуттук стандарттарынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча эки позиция менен толукталган.