Жаңылыктар

26.01.2023

ЕАЭБ мамлекеттеринин тышкы карызы 2022-жылдын 1-октябрына карата 8,6%га кыскарды

Евразиялык экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттеринде 2020-жылдан бери тышкы карыздын ИДПга карата пайыздык көрсөткүчтөрдө төмөндөшү байкалган.

Өткөн он жылдын ичинде бул индикатордун синхрондуу төмөндөшү бардык мүчө мамлекеттерде 2017-жылы байкалган. 2022-жылдын 1-октябрына карата тышкы карыздын ИДПга карата катышы Россияда 21%дан баштап Кыргызстанда 93%га чейинкини түздү.

Статистикалык маалымат кененирээк Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.