Жаңылыктар

15.05.2023 (Обновлено: 16.05.2023 15:54)

Ишкердик жана интеллектуалдык менчик маселелерин Бакытжан Сагинтаев жана ЭКӨУ өкүлү Надим Ахмад талкуулашты

12-майда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Париждеги штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин жана ЭКӨУнун Региондордун жана шаарлардын, ишкердик, чакан жана орто бизнес борборунун директорунун орун басары Надим Ахмад менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар ЕЭК менен ЭКӨУнун өз ара иштешүүсүн активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, Евразия экономикалык бирлигинде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштеши, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, мекемелерди жана ишмердүүлүктү жөнгө салуу, чакан жана орто ишканаларды колдоо, интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоону камсыздоо маселелерин карашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Надим Ахмад ЕЭК менен ЭКӨУнун ишкердикти жана интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү маселелери боюнча мындан аркы кызматташтыгына даярдыгын ырасташты, ошондой эле маалыматтык алмашууну жөнгө салуунун, жумушчу жолугушууларды жана эксперттик консультацияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалымат

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) 38 мүчө мамлекет жана 100дөн ашык өнөктөш өлкөлөр үчүн экономикалык маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, саясатты, стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенген эл аралык уюм болуп саналат.

ЭКӨУ күн тартибине ошондой эле экономикалык өнүктүрүү, финансы, инвестициялар, инновациялар, атаандаштык, соода, пенсия жана камсыздандыруу, жумуштуулук, эмгек жана социалдык маселелер ж. б. кирет.