Жаңылыктар

20.03.2025

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Ани Обосян дайындалды

Ани Суреновна Обосян 1978-жылы Ереванда төрөлгөн.

1999-жылы Ереван мамлекеттик университетинин филология факультетин, андан соң Улуттук илимдер академиясынын магистратурасын "башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

2001-жылдын апрелинен тартып Армения Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгында, 2011-жылдын октябрынан тартып Новаторство жана ишкердик башкармалыгынын стандартташтыруу жана метрология бөлүмүндө (кийин — Сапат инфраструктурасы башкармалыгы) эмгектенген.

2014-жылдын май айында Сапат инфраструктурасы жана техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын сапат инфраструктурасы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2016-жылдан баштап Башкармалыктын башчысынын милдетин аткарган.

2018-жылдын августунан 2019-жылдын июлуна чейин — Армения Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин аппарат жетекчиси.

2019-жылдын июлунан 2025-жылдын мартына чейин — Улуттук аккредитациялоо органынын директору.

2025-жылдын 17-мартынан трата Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.