Ички рыноктордун иштешин пландаштыруу жана талдоо бөлүмү

Телефон: + 7 (495) 669 24 00

​Казарян​ Мадлена Эдвардовна - бөлүмүнүн башчысы, кош: 58-39

Жукова Екатерина Александровна – кеңешчи, кош: 58-41
Дыйканбаев Бакыт Жапарбекович – консультант, кош: 58-43
Крылов Сергей Викторович – консультант, кош: 58-48

Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:

1) ички рынокто алып коюуларды табуу жана четтетүү боюнча иштерди жүргүзөт;

2) ички рынокто колдонулган, товарларды өз ара соодада алып коюулардын реестрин жана чектөөлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча ишти камсыз кылат;

3) алып коюулар менен иштөө боюнча методологиялык негиздерди иштеп чыгууга катышат;

4) кызыкдар жактарды алып коюулардын четтелиши тууралуу маалымдайт;

5) тоскоолдуктардын ички рыноктун ишине тийгизген таасирине экономикалык талдоо жүргүзөт;

6) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу (эксперттик) топтордун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылат;

7) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Комиссиянын илимий-изилдөө иштеринин планына киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат жана сунуштайт;

8) талдоонун ар кандай ыкмаларын колдонуу менен тоскоолдуктарды табуу маселелери боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу процессин уюштурат;

9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

10) ички рыноктун иштөө маселелери боюнча бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат;

11) иштөө маселелери боюнча жыйынды жана отчеттук иштерди жүзөгө ашырат.