Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Комиссиясы
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Сагинтаев Бакытжан Абдирович
Катчылыгы
Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти
Каржы департаменти
Укук департаменти
Иш башкаруу департаменти
Фотосүрөт
Видео
Күнбарак
Өмүр баян
темасындагы жаңылыктар «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»
31 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы Элчиси Казем Жалали менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 31-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикменин эл аралык ишмердигинин артыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, 90% товарларга карата алымсыз режимди караган, Эркин соода зонасы жөнүндө толук форматтагы макулдашуунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Иран менен кызматташуусунун келечектүү багыттары боюнча толук пикир алмашуу болду. ЕЭК Коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев жаңы форматтын аркасында ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Ирандын соода-экономикалык мамилелери өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыкканын баса белгиледи. "Биз өлкөлөрүбүздүн товар жүгүртүүсүндө олуттуу прогрессти көрүп жатабыз, ал 2024-жылы 14,6%га көбөйүп, 5,9 млрд АКШ долларын түзгөн. ЕАЭБ мамлекеттеринен Иранга экспорт 18%га өскөн", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы билдиргендей, Комиссия 2025-2028-жылдар аралыгында Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча жол картасын деталдуу иштеп чыгууга чоң маани берет. Документти 2025-жылдын сентябрында Биргелешкен комитеттин отурумунда бекитүү пландаштырылууда. Бул өз ара аракеттенүүнүн бардык пландаштырылган багыттарын координацияланган түрдө илгерилетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ экендиги жөнүндө бир пикирге келишти, алар транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ишканалардын ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтүү, АӨК, мунайды кайра иштетүү жана нефтехимия тармактарындагы кызматташтыкты өзгөчө келечектүү деп белгилешти.
26 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести жана бүткүл куба элин Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады. «ЕАЭБ өлкөлөрү менен Куба өлкөсүнүн салттуу достук жана ишеним рухунда өнүгүп жаткан кызматташуусу биргелешкен аракеттердин аркасында бекемделип, элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалып жатат», – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев куттуктоо катында. Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан ЕЭК Коллегиясынын башчысы Куба Республикасына туруктуу экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылыкты жана жакшылыкты каалады.
24 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Амур облусунда жүргүнчүлөрдү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жана бүткүл россия элине Амур облусундагы авиакырсыктын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. "Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген кайгылуу окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу сезими менен кабыл алдым", – деп айтылат телеграммада. – Жоготуу азабын тең бөлүшөм, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам".
24 июлундагы 2025
Бакыжтан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. "Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстан экономикалык потенциалды жогорулатуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу иштерин ырааттуу ишке ашырууда, евразиялык интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Өзбекстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн анын жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Дагы көрсөтүү
Темасындагы чечимдер «ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы»
Ченемдик документтер
багыты боюнча материалдар
Фотосүрөт
Видео
14 декабрындагы 2016
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун Евразия экономикалык биримдигинде дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү темасы боюнча БелТА маалымат агенттигине берген интервьюсу
Дары каражаттары - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жалпы рыноктун иши башталышы боюнча иштерге бекем киришкен спецификалык товарлардын тобунун биринчиси. Бул тажрыйбаны колдонуу менен ЕАЭБте башка бирдиктүү рыноктор да түзүлө баштайт - каржы, энергетика, мунай-газ жалпы рыноктору ж.б. Дагы кандай баскычтарда өтүү керектиги жана жалпы дарылар рыногу кандай иштей турганы туурасында БелТА кабарчысына Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков айтып берди.
14 декабрындагы 2016
ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу”
Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
01 ноябрындагы 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын “Ишкер Евразия” аналитикалык ресурсуна Евразия экономикалык биримдигин жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө интервьюсу: “Евразия интеграциясы каатчылыкты жеңилдетип, тышкы таасирлерди нивелирледи”
ЕЭК Төрагасы: ЕАЭБ өлкөлөрүндө кубаттуу заманбап кластерлерди түзүү зарыл 2016-жылдын августунда кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун биринчи жылдыгын белгиледи. Евразия үчүн жаңы альянс катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын бириктирүүгө, региндун экономикалык потенциалын арттырууга багытталган. Биримдикти жана андагы Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө “Ишкер Евразия” Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян менен маектешти.
21 сентябрындагы 2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Т.С.Саркисяндын Санкт-Петербург мамлекеттик университетиндеги чыгып сүйлөөсүнүн тезистери
0
/
0
01 апрелиндеги 2019
Бирге пайдалуу. Армения - МИР 24
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө