Адикова Жанар Асылхановна

Биография

1985-жылы 11-мартта Казакстан Республикасынын Караганда шаарында төрөлгөн.

Караганда «Болашак» актуалдуу билим берүү институтун бүтүргөн (2007-ж., 2012-ж.), экономика бакалавры, укук.

Казак жана орус тилдеринде сүйлөйт.

2008-2013-жылдары Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу агенттигинин Караганда облусу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген, Караганда ш. (Казакстан).

2013-2020-жылдары - Мыйзамдардын сакталышын контролдоо жана дооматтар иштери башкармалыгынын эксперти, Администрациялык практика башкармалыгынын башкы эксперти, Контролдук жана дооматтык-доо иштери башкармалыгынын башкы эксперти, Мамлекеттик, жергиликтүү аткаруу органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын атаандаштыкка каршы аракеттерин иликтөө боюнча башкармалыгынын башкы эксперти, Финансы рыногу тармактарын жана башка тармактарды иликтөө башкармалыгынын башкы эксперти. Андан кийин өнөр жай чөйрөсүндөгү иликтөө башкармалыгынын жетекчиси, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин Өнөр жай башкармалыгынын жетекчиси.

2020-жылдын февралынан ноябрына чейин – Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Костанай облусу боюнча атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча комитетинин департаментинин жетекчиси, Казакстан Республикасынын Костанай облусу боюнча атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин департаментинин жетекчиси.

2020-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын ноябрь айына чейин – Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин Финансы рыноктору жана башка тармактар ​​департаментинин директору (Нур-Султан ш., Казакстан).

2021-жылдын ноябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору болуп дайындалды.