Өмүр баян
Ваагн Рудольфович Казарян 1973-жылдын 11-февралында Москвада төрөлгөн. 1994-жылы Ереван мамлекеттик университетин "Радиофизика" адистиги боюнча бүтүргөн.
Армения Республикасынын Соода жана экономикалык өнүгүү министрлигинде ар түрдүү кызматтарда иштеп, ал жерде 2000-2008-жылдар аралыганда БСУ менен ишти уюштуруу жана Европа бирлиги менен кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча башкарманын жетекчи адисинен аталган башкарманын башчысына чейинки жолду басып өткөн. Ошондой эле, эл аралык уюмдарда консультант, серепчи болуп иштеген, "Армения Республикасынын Каржы министрлигинин Окутуу борбору" МКЭУда бажы дисциплиналары боюнча мугалимдик ишмердигин жүргүзгөн. 2017-жылдан тарта ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун орун басарынын кызматын ээлеп келген.