Оросбаев Азамат Токтогонович​

Оросбаев Азамат Токтогонович​

Биография

Азамат Токтогонович Оросбаев 1976-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) төрөлгөн.

Бишкек гуманитардык университетин "дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча артыкчылык менен, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Экономика жана каржы институтун бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде баштаган. Биринчи категориядагы адистен Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басарына, төраганын биринчи орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

Акыркы үч жылда Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШ өлкөлөрүнүн жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик статистика органдары менен кызматташтыкты көзөмөлдөп келген.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистика отличниги" белгиси менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылыгына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылыгына татыган.

2021-жылдын 14-майынан тарта ЕЭКтин статистика департаментинин директору болуп дайындалды.