Биография

Алмаз Замирбекович Сазбаков 1981-жылдын 29-октябрында Фрунзе шаарында (Кыргыз Республикасы) туулган.

2002-жылы Кыргызстандагы Америка университетин аяктаган. 2007-жылы JICA программасы боюнча Хитотсубаши Университетинин (Токио, Япония) экономика факультетинде окуган. 2010-жылдын августунда Токиодо (Япония) Жогорку саясый изилдөөлөр улуттук институтунда окуусун аяктаган. 2013-жылдын декабрында Джордж Мейсон атындагы Университеттин (АКШ) мамлекеттик саясат жаатындагы окуу программасын аяктаган.

Эмгек жолун 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өнөр жай бөлүмүндө баштаган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттерди баалоо боюнча башкармалыгында иштеген. 2008-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар саясаты башкармалыгынын инвестицияларды илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын стратегиялык талдоо бөлүмүндө иштеген. 2012-жылы – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар саясаты жана МЖӨ башкармалыгынын башчысы.

2013-жылдан тартып – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы.

2014-жылдан тартып – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору.

2016-жылдан тартып 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары кызматын ээлеген.

Акыркы үч жыл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлү болгон.

2021-жылдын 1-июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын ички рынокторунун иши боюнча департаментинин директору болуп дайындалган.