Закревский Вадим Александрович

Закревский Вадим Александрович

Биография

Вадим Александрович Закревский 1980-жылы 4-октябрда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) туулган.

2002-жылы техниканы өнүктүрүүнүн, технологиянын жана экономиканын жаңы багыттары боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун "Заманбап чет тилдер (англис тили)" багыты боюнча, 2003-жылы - Беларустун улуттук техникалык университетин "Жылуулук энергетикасы" адистиги боюнча; 2014-жылы - Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

Техникалык илимдердин кандидаты.

2003-2005-жылдары - жабдууларды жөндөө жана сыноо цехинин инженер-технологу, "Минскэнерго" РУИнин "Минск ТЭЦ-3" филиалынын жабдууларды топтомдоо бөлүмүнүн инженери.

2005-2012-жылдары - РУИ "Минскэнерго" жылуулук механикалык жабдууларын эксплуатациялоо кызматынын башчысы.

2012-жылдын январынан 2012-жылдын ноябрына чейин "Белэнерго" МӨБдүн электр станцияларын жана жылуулук тармактарын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

2012-жылдын ноябрынан 2021-жылдын мартына чейин - Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары.

2021-жылдын 18-мартында ЕЭКтин энергетика департаментинин директору болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

Беларусь Республикасынын Президентинин ыраазычылыгы (2015-жыл).

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылыгы (2016-жыл).