Евразия экономикалык комиссиясы маалымдайт, эл аралык почта жөнөтүүлөрү менен жөнөтүлгөн жана ташуучу тарабынан жеткирилген, ошондой эле коштолуучу жана (же) коштоосуз багаж менен жер үстүндөгү транспорт менен же жөө тартипте алынып келинген товарларды жеке пайдалануу үчүн алымсыз ташып келүүнүн убактылуу "жогорулатылган" ченемдеринин колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-апрелинде аяктады.
1-апрелден тарта ченемдер төмөнкүдөй болот:
200 евро жана 31 кг – почта менен же ташуучу тарабынан жеткирүүлөр үчүн
500 евро жана 25 кг – жер үстүндөгү транспорт менен ташуу үчүн.